Баткендин Зардалы айылына барчу жол жакында пайдаланууга берилет
- 1 месяц мурун
Баткен облусунун Зардалы айылына барчу Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы жолу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.өБул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрө куруу иштери 95 пайыз бүттү.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрында Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жол салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.
Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактагы айылы.
Сүрөт: Транспорт министрлигинин видео тасмасынан
Муну бөлүшүү




