Баткендин чек арага чектеш аймак тургундарына психологиялык жардам бериле баштады

  • 3 года мурун

USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору саламаттык сактоо министрлиги менен бирге кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган Баткен районунун тургундарына психологиялык жардам көрсөтүү программасын ишке ашыра баштады.

“Жигердүү жарандар” долбоорунун аталган программасы 2021-жылдын сентябрь айынан 2022-жылдын январына чейин “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылат.

Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан тутанган.

Анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын 180 ашуун жараны жаракат алган, 36 адам каза тапкан. 60 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча,жабыркаган жарандардын ар бир бешинчисинде травмадан кийинки стресстин кандайдыр бир деңгээли байкалууда.

“Бул демилгенин дагы бир маанилүү бөлүгү — психологдордон жана психиатрлардан турган саламаттык сактоо министрлигинин атайын командаларынын Арка, Карабак, Көк-Таш, Кызыл-Бел, Кулунду, Максат жана Раззаков айылдарынын тургундарына түздөн-түз психологиялык жардам көрсөтүүсү” — деди Лилия
Пантелеева, дарыгер-психиатр жана  “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмесинин башчысы.

Сүрөт: Жаз айларындагы чек ара чыры учурунда. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты