Баткендин Бөжөй айылында селден кийинки калыбына келтирүү иштери улантылууда  

  • 12 месяцев мурун

Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бөжөй айылында 26-июлда катуу жааган жаандан улам сел суулары келип, ички чарбалык жолдор, таза суу түтүктөрү жана электр зымдары жабыркаган. Аларды калыбына келтирүү иштери улантылууда.

Селдин кесепетин жоюу максатында экскаватор, автожүктөгүч жана бульдозер техникасы тартылган.

Учурда 6 чакырым аралыкта ички чарбалык жол калыбына келтирилип, 5,5 м3 сай ичи тазаланууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: ӨКМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты