Баткенден эвакуацияланган 38 миңден ашуун адамга Кадамжайда 26 психолог жардам көрсөтүүдө

Республикалык жана Оштогу психиатрия жана наркология борборлорунун адистери Баткендин тургундарына психологиялык жардам көрсөтүүдө.

Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын эвакуацияланган тургундарына  саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Гүласыл Сутуева жетектеген психиатр, психотерапевт жана клиникалык психологдордон турган 26 адис психологиялык жардам көрсөтүп жатышат.

Адам бир нерседен катуу чочуп коркуп калганда катуу стресс алышы мүмкүн. Ошол убакта биринчи психологиялык жардам көрсөтүлбөсө, алар ооруга айланып кетиши мүмкүн. Жабыркагандар өтө көп, психолог дарыгерлер чарчаганына карабастан иштөөдө» деди Сутуева.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты