Баткендеги жоокердин өлүмүн аскер прокуратурасы иликтеп жатат

  • 10 месяцев мурун

Баткендеги 35524-аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокердин өлүмү боюнча тергөө башталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Ага ылайык, окуя Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Мунун алдында Коргоо министрлиги бир жоокер куралды этиятсыз колдонуунун айынан өзүн кокусунан атып алып, мерт болгонун билдирген.

«Окуянын себеби такталып жатат, бул фактыга байланыштуу кызматтык иликтөө башталды» деп жазылган маалыматта.

Аскердик кызматын өтөп жатып өзүн кокустан атып алган, жараат алган жана каза болгон жоокерлер боюнча түрдүү окуялар буга чейин да катталып келген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022-жылы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө каза болгон төрт жоокердин окуясы суицид деп катталганын кабарлаган.

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты