Баткендеги жабыркагандарды колдоо үчүн атайын эсепке 327 млн ашуун сом түштү  

  • 2 года мурун

17-октябрга карата Баткенде Тажикстандын агрессиясынан жабыркагандарды колдоо үчүн атайын эсепке 327 432 141,72 сом түштү.

Бул тууралуу финансы министрлиги кабарлады.

Түшкөн каражаттын ичинен 62 650 000 сом пайдаланды. 269 680 334,69 сом калды.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, бул каражат үйү өрттөнүп кетип жабыркагандарга берилет. Учурда 246 жаран компенсация алды.    

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 63 кыргызстандык набыт болду.   200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын кол салуусунан алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты