Баткенде жарылган зат: Тажикстан менен Кыргызстандын милициясы жолугушту
- 1 месяц мурун
Баткен облусунун Лейлек районунда жарылган белгисиз жарылучу зат боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын милициясы жолугушту. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-январда Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын подполковниги Кожобек Козубаев менен Тажикстандын Согдий облусунун Б.Гафуров райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Чамшед Абдулло Зубайрзода жолугуп, эки өлкөнүн элин дүрбөлөңгө алдырбоо максатында маалымат алмашып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
«Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон күнү эле жергиликтүү айыл башчылар жана жергиликтүү бийлик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,, окуяны элге туура жеткирүү максатында алдын алуу иштери уюштурулган»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда окуя болгон жай аймактык милиция кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынып, жарандарды короонун ичине киргизбөө максатында лента тартылып, иликтөө иштери уланып жаткандыгы белгилүү болду.
Эске салсак, кечээ, 5-январда саат 16:20 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-2 айылында жеке турак үйдө белгисиз жардыргыч зат жарылып, 2 тургун ооруканага түшкөн. Анда ошол эле үйдүн дагы бир жашоочусу А.К. көрсөтмө берип, белгисиз жардырылуучу зат 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан улам калган болушу мүмкүн экендигин айткан.
Сүрөт: Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы