Баткенде турак үйдө белгисиз зат жарылып, 2 тургун жабыркады
- 2 года мурун
5-январь күнү саат 16:20 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-2 айылында жеке турак үйдө белгисиз жардыргыч зат жарылып, 2 тургун ооруканага түштү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдирип, окуя милиция тарабынан иликтөөгө алынганын маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, 5-январь күнү Арка-2 айылынын жашоочулары 32 жаштагы А.Н. (аял киши) жана анын 11 жаштагы кызы К.А. өздөрү жашаган үйдүн короосун жыйнап жатып, короосунда жыйналып турган эски темирлердин арасынан белгисиз затты алып үйдүн жанындагы бетонго таштаган учурда ал зат кокусунан жарылып кетип, А.Нын бет тарабы, ал эми анын кызы бут тарабынан жараат алып, ооруканага түшкөн.
Аталган үйдүн дагы бир тургуну А.К. белгисиз жардырылуучу зат 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан улам калган болушу мүмкүн экендигин айтып, көрсөтмө берген.
Баткен ОИИБи учурда жогорудагы жагдай боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, экспертизалар дайындалып, алгачкы текшерүүлөр башталганын билдирди.
Сүрөт: Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы




