Баткенде чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу (УКМК) чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары 24-августта чек арадан мыйзамсыз жүк ташуу фактыларын токтотушту.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен районунун Кара-Бак айылында Баткен чек ара кошуунунун чек арачылары ички иштер министирлиги (ИИМ) жана мамлекеттик бажы кызматкерлери (МБК) менен бирге «Киа-Бонго» үлгүсүндөгү унааны кармашкан.

 Маалыматка ылайык, унаанын ээси 2001-жылы төрөлгөн  М. Т. аттуу кыргыз жараны болгон жана ал Тажикстандан Кыргызстанга 500 таңгак дептер алып өтүүгө аракет кылган.

Ошол күнү кечинде Лейлек районунун Интернационал айылында Лейлек чек ара кошуунунун чек арачылары  1992-жылкы Р.А.У аттту кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Опель-Астра» унаасын кармашкан.

Унаадан Венгрияда чыгарылган «Мидокалм Рихтер» дары-дармек каражаты табылган жана айдоочуда  жүккө тиешелүү  документтер болгон эмес. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жүктүн жалпы баасы болжол менен 1 миллион сомду түзөт.

Эки учурда тең кармалган айдоочулар, автомашиналар жана жүктөр компетенттүү органдардын кызматкерлерине териштирүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты