Баткенде чек арачы аскерлердин санын азайтуу сунушталды

  • 3 года мурун

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусунда кыргызтажик чек арасында чек арачы аскерлердин санын кыскартуу сунушталды.

Тажик тарап алардын ордуна чектеш аймактардагы коопсуздукту милициянын көзөмөлүнө өткөрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда, мындан тышкары чек арадагы аймактарга курулуштарды экинчи тараптын макулдугу менен гана куруу сунушу айтылды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода 3-декабрда «Кулунду» өткөрмө бекетинде жолугушту. Анда тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларды талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу үчүн чектеш аймактын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү макулдашылды. Мындан сырткары, чек арачы, милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, чек арадагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана болтурбоонун ыкчам аракеттерин көрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 1-декабрда Баткен облусунун Баткен районунун Дахма аймагында ок атылганын билдирген. Ага ылайык, шаршембиде кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок аткан. Окуя болгон жерге эки өлкөнүн чек ара бекеттеринин жетекчилери келип, мылтык аткандарды чогуу издөө тууралуу сүйлөшкөн. Күч органдарына да кабар берилген. Тараптар аталган аймакта биргелешкен кайгуул уюштурууну да макулдашкан.

Ушул күнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунун кошуна өлкөнүн жарандары сабап, ооруканага түшкөнү, кыргызстандыктар да бир тажик жаранын кармап алып, кийин бошотушканы кабарланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез жаңжал чыгып турат. 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылышта эки тараптан ондогон тургундар, аскерлер көз жумган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты