Баткенде чек ара бөлүгүндө жоокер өз жанын кыйгандыгы маалымдалды
- 11 месяцев мурун
2025-жылдын 20-августунда 2022 аскер бөлүгүндө аскер кызматчысы, катардагы жоокер И.А., асынып, өз жанын кыйган.
Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган факты боюнча тийиштүү укук коргоо органдары кабардар болду. Ведомство тарабынан бардык жагдайларды жана окуянын себебин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




