Баткенде 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-мартта саат 09:09да Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Бул тууралу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө Кадамжай районунун Пүлгөн, Таш-Кыя, Ынтымак айылдарында 4 балл, Шуран, Котур-Булак, Жийделик, Кызыл-Булак, Кулду айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациядык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты