Баткен: жаңжал чыккан жерлерге жакын айылдардын тургундары үйлөрүн таштап кетишүүдө

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп жаткан жерлерге жакын жайгашкан айылдардын тургундары үйлөрүн таштап кетишүүдө. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жергиликтүү тургундардын маалыматына таянып жазды.

«Ок атышуу токтой элек. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Баары күтүлбөгөн жерден болуп кетти. Балдарды жана аялдарды эвакуациялай башташты», — деп билдиришкен тургундар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, кечки 17:30дан 18:30га чейин жолду тосуу башталган. Окуя курчуп кетпеш үчүн Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров Төрт-Көчөгө барышкан. Эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин, саат 19:30да Баткен-Исфана жолу ачылган. Бирок бир канча мүнөттөн кийин тажик тарап Чыр-Дөбө аймагында ок аткан.

Кыргызстандын чек ара кызматы тажик тарап миномет жана гранамет колдонуп жатканын кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты