Баткен облусунун бир катар айылдарынын аты өзгөртүлдү 

  • 1 год мурун

Баткен облусунда 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү

Бул тууралуу мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 20-октябрында кабыл алынган. 

Мыйзамга ылайык, төмөнкү айыл аймактарынын жана айылдарынын аталыштары өзгөртүлдү:

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагы Айрыбаз айыл аймагы деп;

—Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Марказ айылы Айрыбаз айыл аймагынын Айрыбаз айылы деп;

—Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакиш айылы Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылы деп;

—Кадамжай районунун Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан айыл аймагы деп;

Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Ак-Өргө айылы деп;

—Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Халмион айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылы деп;

—Лейлек районунун Маргун айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы деп;

—Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Даргаз айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Кереге-Таш айылы деп;

—Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Дархум айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Жети-Таш айылы деп;

—Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Маргун айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылы деп;

—Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Чурбек айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Үч-Булак айылы деп;

—Лейлек районунун Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы Раззаков шаарынын Ак-Босого айылы деп;

— Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылы Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы, деп кайра аталды. 

Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты