Баткен облусу: Жабылган жана ачык жолдор тууралуу

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 211-220 км (Развилка Чоң-Талаа), 265 км (Кара айыл бөлүгү), 272 км (Төрт-Көчө бөлугү) жана Баткен-Кара-Бак, Баткен-Кызыл-Бел, Көк-Таш-Ак-Сай унаа жолунун 7 км аралыгындагы көпүрө жараксыз абалга келгендигине байланыштуу унаа жолдору каттам үчүн жабылган.

Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлиги бүгүн басма сөз жыйынында билдирди.

Ошондой эле Лейлек районунун Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолу, эски багыттагы Ош-Баткен-Исфана жолунун 340-346 км аралыгы жабылган.

Төрт-Көл-Достук (Кара-Бак айылы), Ак-Сай-Рават, Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай, Кок-Таш-Ак-Терек эвакуациялык жолдор ачык, каттам бар.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. 

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза болгон. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты