Баткен: Чек ара аскер бөлүгүндөгү жарылуудан улам жоокер ооруканага түштү   

  • 1 год мурун

Баткенде кечээ, 25-февралда, №2021 аскер бөлүгүндө чек арачы жоокер жарылуудан улам ооруканага түшкөн. Анын абалы орточо оордукта экени маалымдалды.

Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жарылуу №2021 аскер бөлүгүндө болгон.  

“Текшерүү пунктунда мешке жаккан оттон жарылуу болуп, анын кесепетинен 20 жаштагы чек арачы жоокер М.А. жаракат алып, Раззаков шаарындагы ооруканага жеткирилген. Азырынча эмне жарылганы такталып жатат. Жаракат алган жоокердин абалы орточо оордукта” деп айтылат маалыматта.    

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты