Башкы прокуратура Жыргалбек Сагынбаевди кармады

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Жыргалбек Сагынбаевди кармады.

Бул маалыматты “Азаттык” радиосу башкы көзөмөл органынын расмий өкүлү Сирожиддин Камолидиновдун маалыматына таянып жазды.

“Ал комитетте иштеп турганда кызматкерлерине 5 миллион сомдон көп каражатты мыйзамсыз түрдө сый акы катары берген экен. Толук маалыматты кийинчерээк беребиз”, — деди Камолидинов.

Анын айтымында, Сагынбаев менен кошо өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Элдияр Муканов да кармалды. Ал азыр Энергетика министрлигинде иштейт.

Шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган адамдардын адвокаттары менен жакындары азырынча комментарий бере элек. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты