Башкы прокуратура: Өзгөн шаарынын мэри мыйзамсыз жер берүүгө айыпталууда

  • 2 года мурун

Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов мыйзамсыз жер берүүгө айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каримов 2015-жылы мыйзамсыз токтомдорду кабыл алып, шаардагы “Сарахсий”, “Борбордук”, “Жаңы-Өзгөн”, “32д” жана “Гузар” кварталдарындагы жалпы 9038,5 чарчы метр жер тилкесин 22 жаранга берип жибергени аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен прокуратура Каримовго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш негизинен кароо үчүн райондук сотко жиберилген. Учурда кылмыш иш сотто каралууда.

Райондук прокуратура жогорудагы жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн сотко кайрылган.

Нодирбек Каримов Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты. Ал Өзгөн шаарынын мэри болуп 2021-жылы июнда шайланган. Бул кызматты 2015-жылдарда да аркалаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты