Башкы прокуратура: Мадумаров протокол иши боюнча күбө катары эле өтүп жатат

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров протокол иши боюнча күбө катары өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык» радиосу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидиновго шилтеме берип жазды.

“Азыр күбө макамында. Себеби, Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаты. Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча биринчи уруксат алыш керек (Жогорку Кеңештен-ред.). Андан кийин кылмыш жоопкерчилиги квалификация болуп айыпкер катары жоопкерчиликке тартылат. Ага чейин күбө макамында болот”, — деди Камолидинов.

Адахан Мадумаров 10-февралда өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун айтып, муну саясий куугунтук катары баалаган.

Мунун алдында башкы прокурор депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Буга байланыштуу парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, алар маселени бир айдын ичинде карап чыкмай болду.

Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта Башкы прокуратурада күбө катары бир нече жолу сурак берген.

Ал 2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты