Башкы план–2050: Бишкек мэриясы эксперттик талкууга катышууга чакырат
- 4 месяца мурун
Бишкек шаарынын мэриясы шаар куруу, архитектура, транспорт жана экология тармактарындагы эксперттерди жана адистерди 2050-жылга чейин Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн Башкы планынын долбоорунун бет ачарына жана эксперттик талкуусуна катышууга чакырат.
Иш-чара 2025-жылдын 2-декабрында саат 15:00дө төмөнкү даректе өтөт: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17/7, «Жаштык Арена».
Жолугушуу маалында долбоордун иштеп чыгуучулары Башкы пландын долбоорун сунуштап, андан кийин чакырылган адистердин катышуусунда эксперттик талкуу болот.
Мэрия иш-чарага катышууну каалагандар алдын ала 0709 08 11 04 телефону аркылуу катышуусун тастыктап коюуну өтүнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




