Башкы дарыгер: Тез жардам балдар клиникасына кайрылгандар көп болууда

  • 5 месяцев мурун

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-декабрда Бишкек шаарындагы балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Анда балдарга медициналык жардам көрсөтүү кызматынын сапаты менен таанышып, ата-энелер менен баарлашып, бөлүмдөрдү кыдырды. Башкы дарыгер Акылбек Маманов тез жардам балдар клиникасына кайрылгандар көп болуп жатканын билдирди.

Шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, ооруканага күнүнө 900дөй бейтап кайрылса, алардын 80%ы жолдомосуз келишет. Акыркы суткада 378 бейтап соматикалык, 79 бейтап хирургиялык кабыл алууга, 156 бейтап ЛОР кабылдоосуна, 269 бейтап травмпунктка кайрылган.

Кайрылган балдардын көбүнө консультациялар берилип, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Башкы дарыгер дем ​​алыш күндөрү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору иштебегендигине байланыштуу да кезек көбөйөөрүн айтып, бирок бардык балдарга медициналык жардам жана консультациялар берилип жаткандыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле министрдин тапшырмасы менен курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган балдарды жайгаштыруу үчүн кошумча 30 керебет уюштурулуп, соматикалык оорулууларды дарылоочу педиатрлар, ординаторлор саны көбөйгөнүн белгиледи.

Министр өз ишин толук жоопкерчилик менен аткарып жаткан балдар ооруканасынын медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. :

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты