Бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык аймактарына эркин кирүү мүмкүндүгү каралган жарлыкка кол коюлду
- 1 год мурун
Садыр Жапаров 2023-жылдын 9-августунда “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду.
Жарлыкка Ысык-Көлдүн пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу максатында кол коюлду.
Өзгөртүүлөрдө бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык зоналарына эркин кирүү мүмкүндүгү каралган.
Муну бөлүшүү