Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө келерки жылы 1 млрд сом бөлүнөрү айтылды

  • 3 месяца мурун

2025-жылы Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-майда Балыкчыда шаарды өнүктүрүү планын талкуулаган жыйында билдирди. 

Өнүктүрүү планына ылайык, муниципалдык мейманкананы реконструкциялоо, асфальт-бетон жана темир-бетон заводун куруу, мурдагы ресторандын имаратында 150 орундуу бала бакча куруу, заманбап көркөм сүрөт галереясын, IT китепканасын түзүү, шаардын бир катар көчөлөрүн реконструкциялоо пландалууда. 

Мындан тышкары, шаар жетекчилиги оор жүк ташуучу унаалар үчүн муниципалдык хаб ачуу, эс алуу жайларын куруу, бюджеттик уюмдардын кызматкерлери жана калктын социалдык аялуу катмары үчүн үй курууга, ирригациялык жана дренаждык системаларды реконструкциялоого кызыкдар. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров белгилегендей, сунушталган план үчүн шаарга 300 млн сом бөлүнөт. 

Келерки жылы Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнөрүн белгилеп, мэрияга шаарды өнүктүрүүнүн 3 жылдык планын даярдоону тапшырды. 

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты