Балдардын от менен ойноосунан үйдө өрт чыкты  

18-февралда саат 14:53тө Баткен районунун Бужум айылында 3 бөлмөлүү турак үй өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ)  басма сөз кызматы билдирди.  

Тилсиз жоо  саат 16:13тө өрт өчүрүлгөн.  Өрттүн аянты 44 чарчы метрге чейин жетип, үй буюмдары күйүп кеткен.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт балдардын от менен ойноосунан улам чыккандиги белгилүү болду. Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты