“Бала-Саруу” кичи ГЭСи Таластын эки районун электр энергиясы менен камсыздай алат

  • 2 месяца мурун

“Бала-Саруу” ГЭСинде электр энергиянын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саатты түзөт. Бул —  Талас облусунун эки районунун 19 миң абонентинин электр энергиясына болгон керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Бул тууралуу бүгүн, 21-майда, президент Садыр Жапаровдун Талас облусунда “Бала-Саруу” ГЭСинин ачылышында айтылды.  

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, “Бала-Саруу” кичи ГЭСи Киров суу сактагычынын төмөнкү бьефинде жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератору менен курулган.

Электр энергиясынын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саатты түзөт. Бул —  Талас облусунун эки районунун 19 миң абонентинин электр энергиясына болгон керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

“Бул долбоор мамлекет тарабынан электр кубатын өндүрүү тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет. Элибизге да, эл аралык коомчулукка да бийликтин ишенимин арттырат” деди президент.

“Бала-Саруу” ГЭСине жалпы жонунан 2,8 млрд сом жумшалды, анын ичинде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун салымы да бар.

Бул суммага гидроэлектростанциянын имаратынын курулушу, 110 кВ жабык бөлүштүрүүчү түзүлүштө жабдууларды монтаждоо, эки күч трансформаторун орнотуу жана узундугу 6,7 километр болгон “Бала-Саруу” — Кара-Арча жана “Бала-Саруу”  — Покровка электр берүү чубалгыларын куруу иштери жүргүзүлгөн.

“Бала-Саруу” кичи ГЭСи Таластын эки районун электр энергиясы менен камсыздай алат

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты