Баку-Бишкек: Аба каттамдарын  жандандыруу маселеси талкууланууда

  • 2 месяца мурун

Баку жана Бишкек шаарларынын ортосунда аба каттамдарын жандандыруу маселеси көтөрүлүүдө.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Азербайжан жана Грузиядагы элчи Кайрат Осмоналиев менен «Азербайжан авиа жолдору» компаниясынын (AZAL) жаңы дайындалган президенти Самир Муса оглы Рзаевдин жолугушуусу учурунда ушул жылдын экинчи кварталында Баку менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын  кайрадан жандандыруу маселелери талкууланды.

Элчи Осмоналиев эки өлкөнүн ортосундагы түз аба байланышынын эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, өзгөчө туризмди жана экономикалык дипломатияны өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргызстан менен Азербайжан стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жетишти, ал тереңдеп жана кеңейүү тенденциясына ээ. Тараптар мындан аркы биргелешкен кызматташууну макулдашты.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты