«Байсаловдо Швециянын жарандыгы бар». Маалыматты текшеребиз

21-октябрда бир катар жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Швецияда убактылуу жашоого уруксаты бар экенин жазып чыгышты.

ЖМКда тараган маалыматка ылайык, Швециянын ratsit.se ачык маалымат базасында Байсаловдун 2019-жылдын 30-апрелинде Швецияда жашап турууга уруксат сурап арыз менен кайрылганы көрсөтүлгөн. 

«Эдил Байсалов 2020-жылдын 5-ноябрында Швецияда эмигрант катары 19770806 номери менен катталган. Мындан тышкары Байсаловдун туулган жылы (06.08.1977) швед маалымат базаларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен дал келет», — деп айтылат маалыматта. 

"Байсаловдо Швециянын жарандыгы бар". Маалыматты текшеребиз

ПолитКлиника медиасы бул маалыматтын аныктыгын текшерүү максатында саясатчынын өзү менен байланышып төмөндөгүдөй жооп алды:

“Бул эми сенсация эмес да. Мен Швецияда болгом, жашагам. Ал эч кимге жашыруун маалымат эмес. Ал эми 2019-жылы жашап турууга уруксат сурап кайрылган деген маалымат — бул абсолюттук фейк. Мен 2019-жылы дагы, 2020-жылы дагы уруксат сурап кайрылган эмесмин. Мага эмне кереги бар, өзүм элчи болуп турсам?!”

Минкабдын орун басары бул маалымат боюнча башка ЖМКларга комментарий берип жатып, 2008-2010-жылдары Швецияда качкын катары жашаганын, 2010-жылы 8-апрелде Кыргызстанга кайтып келгенин, мекенине кайтып келгенине байланыштуу качкын макамы, аны менен бирге Швецияда жашап туруу уруксаты жокко чыкканын билдирген. 

“Ооба, менин жашы жете элек кызым Швецияда жашайт. Бирок бул менин жеке жашоом, жеке себептерим, мамлекеттик жашоого эч кандай тиешеси жок. Көчүп кетүүгө толтура мүмкүнчүлүк болгонуна карабай Кыргызстанда жашап жатам жана мындан ары дагы жашай берем».

Биз Швециянын миграция агенттигинин расмий сайтына ratsit.se ачык маалымат базасында Байсаловдун өздүк номери катары көрсөтүлгөн номер менен кирип, өтүнмөлөрдүн базасын текшерип көрдүк. Жыйынтыгында миграция агенттиги бул номердеги кайрылуучунун эч кандай арызын каттабаганы белгилүү болду. 

"Байсаловдо Швециянын жарандыгы бар". Маалыматты текшеребиз
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты