Байсалов сөз эркиндиги жана жыйындар эркиндиги концепциясын кайра карап чыгуу керектигин айтты
- 1 год мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Euronews басылмасына соода, энергетика, жаштар, демократия тууралуу маек берди.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында айтылды.
Ал демократиялык процесстер жана мыйзамдын үстөмдүгү тууралуу суроого бул маселе Европа өлкөлөрү үчүн да, Борбор Азия үчүн санарип доорунда бирдей көйгөйлөргө туш болуп жатканын билдирди:
“Европа өлкөлөрүнүн борборлорунда тынчсызданууга негиз көп. Демократия социалдык тармактын күч алышына байланыштуу бирдей көйгөйлөргө туш болууда. Биз сөз эркиндиги жана жыйындар эркиндигинин концепциясын кайра карап чыгышыбыз керек” деди Байсалов.
“Бул жасалма интеллекттин жаңы дүйнөсү. Калыптанган жана жаңы демократия бирдей чакырыктарга туш болууда. Биз бул суроолорго бирге жооп издейбиз” деди ал.
Байсалов Страсбург шаарында Европа Кеңеши менен Борбор Азия өлөкөлөрүнүн кызматташтыгы алкагында Европарламенттин депутаттары жана Еропа Кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушууга катышты.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




