Байсалов: Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттер үчүн чек ара ачылды

  • 2 года мурун

Жаңы дайындалган Министрлер кабинетинин чечими менен Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөт башчысынын орун басары Эдил Байсалов «Твиттер» баракчасына жазды.

«Бул бир тууган эки элдин ортосундагы достуктун жана ынтымактын эң бекем көпүрөсү», — деп белгилеген Байсалов.

Быйыл апрелде болуп өткөн кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жапкан. Сентябрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган 100дөн ашуун тажик студенттерине Бишкекке келүүгө уруксат берилбей жатканы кабарланган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 2 миңдей Тажикстандын жараны билим алат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты