“Баатыр окуучу” жана “Кыргыз тектүү террорист”: Орус ЖМКларынын тандалма мамилеси
- 6 месяцев мурун
- Баяндар
25-мартта Даңхаяа Ховалыг аттуу Инстаграм колдонуучусу Орусия окуянын позитивдүү жана негативдүүлүгүнө жараша улутка басым жасай турганын билдирген. Ал мисал катары «Крокус Сити Холлдо» болгон терактта 100дөн ашуун адамды аман-эсен куткарып калган Ислам Халилов тууралуу жаңылыкты бөлүшкөн.
“Мен Крокус жөнүндөгү жаңылыктарды репост кылбайм, анткени алар ансыз деле көп жерге чыгып жатат. Бирок бул жагдай кызык. Болжолдуу күнөөлүүлөрдүн улуту бардык жерде көрсөтүлүүдө, бирок эмнегедир оң окуяларда бул дароо маанилүү эмес факт болуп калат.
Алар «жакшылыктын улуту жок» дейт, бирок жамандыктын улуту бар деп эсептешет. Күнөөлүү делген бардык постторго жазылган комментарийлер муну тастыктайт.
Мен Орусиядагы бардык ак эместер (ред.орус эместер) үчүн мурункудан да корком”, — деп жазган ал.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты анализдеп көрдү.
“Крокус Холлдогу” кол салуу
22-марттын кечинде Москванын чет жакасындагы Красногорск шаарында жайгашкан “Крокус Сити Холл” деп аталган соода борборго куралчан адамдар кирип барып концертке барган көрүүчүлөрдү карай аткылай башташкан.
Натыйжада 139 киши каза болуп, 100дөн ашуун адам ар кандай жаракат алган.
Орусиянын Тергөө комитети терроризм беренеси боюнча иш козгоп, 11 адам кармалган. Алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканы” маалымдалып, Тажикстандын жарандары экени айтылды.
Кыргызстанга тиешелүү болгон үч негизги окуя
“Крокус Сити Холл” борборундагы кол салуу учурунда Кыргызстанга тиешелүү үч негизги окуя катталды.
Алгачкысы, кыргызстандык 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызы жана 24 жаштагы Эдита Жусупованын теракттан каза болгондордун тизмесине кошулуусу болду.
Маалым болгондой, алар “Крокус Сити Холлдо” иштеп жүрүшкөн. Кол салуудан кийин ата-энелери кыздарынан маалымат ала албай жатканын айтып, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылышкан. Көп өтпөй, 27-мартта, Маиза Гүлжигит кызы жана Эдита Жусупованын аттары теракттан каза болгондордун болжолдуу тизмесине кошулган.
Экинчи окуя, “Крокус Сити Холл” борборундагы террордук чабуулда 100дөн ашуун адамды сактап калган Ислам Халилов аттуу мектеп окуучусунун эрдиги болду.
Маалым болгондой, Ислам Халилов Москва шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуйт. Анын ата-энеси 15 жыл мурда Кыргызстандан Орусияга иштегени барып, орус жарандыгын алышкан. Ислам Москвада чоңоюп, чабуулга кабылган «Крокус Ситиде» бир жылга чукул убакыттан бери иштеп жүргөн.
Интернетке тараган видеолордо Ислам Халилов чабуул учурунда эшик жок жакка чуркап бараткан адамдарды имараттан эвакуациялаган. Ал адамдарды тар өтмөктөн «Крокус Экспонун» аймагына чыгарып, андан кийин кызматкерлер гана колдонгон жол менен көчөгө алып чыккан.
Бул окуядан кийин Ислам Халиловго Орусиялык ырчы 1 миллион рубль которуп, ал атайын сыйлыкка көрсөтүлөрү маалым болду.
“Крокус сити Холлдогу” үчүнчү окуя терактка байланышы бар делген Алишер Касимовдун кармалышы болду. Маалым болгондой, ал теги кыргызстандык, Орусиянын жараны болгон.
Касимов 26-мартта кармалып, тергөө комитети ага терактты уюштургандарга батирин ижарага берген жана окуяга тиешеси бар деген жүйө келтирген. Касимов өзү батиринде жашагандардын ниетин билбегенин айткан.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Касимов 2014-жылы Кыргызстандын жарандыгынан баш тартып, Орусиянын жарандыгына өткөнүн жана Кыргызстанга бул окуянын тиешеси жоктугун маалымдаган.
“Баатыр окуучу” жана “Кыргыз тектүү террорист”
Орусиялык ММКларда тектери кыргызстандык Орусиянын жарандары болгон Ислам Халилов жана Алишер Касимовго байланыштуу жаңылыктарында чоң айырма болгон.
Алсак, кол салуу учурунда 100дөн ашуун адамды куткарып калган Ислам Халиловдун теги кыргызстандык экени дээрлик айтылган эмес. Жаңылыктардын көбүндө “Окуучу”, “баатыр”, “15 жаштагы өспүрүм” деген өңдүү гана маалыматтар айтылган.
Мисалы, Орусиянын мамлекеттик ММКлары “РИА Новости”, “ТАСС”, “RT.ru” сыяктуу медиаларда “15 жаштагы Ислам Халилов кантип адамдарды сактап калганын айтып берди” деген өңдүү баш темалар менен жарыяланып, анын теги кыргызстандык экени таптакыр белгиленген эмес.
Ал эми “Ведомости” басылмасынан башка дал ушул эле маалымат каражаттарында терактка тиешеси бар делген Алишер Касимовдун кыргызстандык экени баса белгинген.
Алсак, Regnum, “РИА новости”, ТАСС, “Интерфакс” сыяктуу Орусиядагы чоң ММКлардын дээрлик баарында “Алишер Касимов Кыргызстанда туулган”, “Теги Кыргызстандык Алишер Касимов 2014-жылы өз өлкөсүнүн жарандыгынан чыккан” деген баш темалар менен берилген.
Ксенофобиянын күчөшү жана ЖМКлардын таасири
“Левада-Центр” изилдөө борборунун 2022-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Орусияда мигранттарга каршы терс көз караштын динамикасы туруктуу бойдон сакталып келе жатат.
Алсак, сурамжылоого катышкандардын үчтөн экиси “эмгек мигранттарынын агымын чектөө” керек деп эсептешип, мындай маанай көбүнчө африкалык, борбор азиялык жана цыган улутундагыларга карата экени белгиленген.
Сурамжылоого катышкандардын арасынан “Орусияга киргизмек эмесмин” деген жоопту тандагандардын саны бир аз азайганы менен таптакыр жок болуп кеткен эмес.
2016-жылы орусиялык миграция боюнча эксперт, социолог Владимир Мукомель Борбор Азиядан келген мигранттарга карата мамиленин терс болушуна Орусиядагы ЖМКлардын салымы бар экендигин айткан.
“Чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалган кылмыштар жана зомбулук аракеттери Орусиянын жарандары жасаган кылмыштардан көп эмес.
Бирок журналисттер тарабынан жасалган мигранттын портрети адатта терс болот. Качан гана мигранттар жана башка чет элдик жарандар жаңылыктарга чыкса, анда ал кылмыш жана зордуктоо тууралуу болушу мүмкүн”, — деп айткан.
Ошол эле учурда мындай жаңылыктар коомдо резонанс жараткан окуяларда баса белгилене турганы айтылат.
“Крокус Сити Холлдогу теракт”: Мигранттардын абалына кандай таасир этүүдө?
Москвадагы кол салуудан кийин борбор азиялык мигранттарга текшерүү күчөп жатканын орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик билдирди. Ал “Азаттыкка” берген маегинде теракттан кийин көптөгөн арыздар келип түшкөнүн айткан.
«Акыркы бир жарым суткада 1018 кайрылуу келип түштү. Анын көбүндө мигранттар текшерүүлөр, мыйзамсыз камоолорго туш болгонун айтып жатышат. Полиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынгандар, өлкөдөн чыгарылгандар да көп», — деп билдирди Чупик.
Тажикстандагы «Озоди» радиосу Москвадагы соңку окуядан кийин тажикстандык мигранттарга ксенофобиялык мамиле күчөп, көбү көчөгө чыгуудан коркуп турганын жазган. Анда арыздангандар мигранттар иштеген кафе өрттөнгөнүн, жарандар сабалган, камалган окуялар болуп жатканын, тажик улутундагы такси айдоочулардын кызматын пайдалануудан баш тарткандар болуп жатканын айтып беришкен.
Соңку окуяларга байланыштуу, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктарды Орусияга баруудан карманып турууга чакырды.