ТИМ: “Крокус ситидеги” кол салууга шектелген Алишер Касимов Кыргызстандын жараны эмес

  • 2 месяца мурун

Тышкы иштер министрлиги “Крокус сити холлдогу” теракт иши боюнча дагы бир шектүү жаран Кыргызстанда туулган деген массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалымат тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кыргызстанда туулган А.К. Кыргыз Республикасынын президентинин 2014-жылдагы жарлыгына ылайык Кыргызстандын жарандыгынан чыгып кеткен.

Ушуга байланыштуу, аталган жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери Кыргыз Республикасынын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн жана консулдук мекемелердин компетенциясына кирбейт», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 22-мартта Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.

Тергөө комитети кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Каза тапкандардан тышкары жараат алгандар 150дөн ашык адам.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “теракттын катышуучусу” экенин маалымдады.

Каза тапкандар же жараат алгандар арасында кыргыз жарандары бар же жогу боюнча маалымат текшерилип жатканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 24-мартта кабарлады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты