Баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ош облусунда гашиш баңги каражатын жана тропикамид күчтүү таасир этүүчү затын сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

12-майда 1964-жылы туулган К.М.М. жана 1993-жылы туулган  К.Б.М. Ош шаарында баңги каражаттарын сатып жаткан жеринен кармалды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты