Бүгүн — транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салык төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 1-сентябрда транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү экенин эскертет.

Ушуга байланыштуу салыкты төлөй элек жарандарды бүгүн салык милдеттенмесин аткарууга чакырды.

Салыкты банктардын кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты