Бүгүн төкмө акын Болот Назаровдун соту уланат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 20-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровго карата козголгон иш боюнча соттук отурум өтөт.

Иш боюнча алгачкы угуулар 18-майда жабык режимде өткөн.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында эки адам шектүү катары саналууда, бири — Темиров, экинчиси — төкмө акын Болот Назаров.

Назаровго жана Темировго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Темировго жалпы төрт иш ачылып, баары бириктирилип каралууда. Анын иши боюнча сот отуруму 25-майга пландалган. 

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.   

Коомчулуктун талабынан кийин алар эч жакка чыкпоо кепилдиги менен үй камагына чыгарылган.

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты