Азия оюндарынын катышуучулары Бишкекке келди

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 9-октябрда, Кытайдын Ханьчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарынын катышуучулары Бишкек шаарына кайтты.

Спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Аталган мелдеш 23-сентябрь- 8-октябрда болду. Кыргызстандын курама командсы 15 медаль (4 алтын, 2 күмүш, 9 коло) жеңип, жалпы командалык эсеп боюнча 18-орунду ээледи.

Алтын медалдын ээлери:

Эрлан Шеров (дзюдо);

Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү);

Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү);

Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү).

Күмүш медалдын ээлери:

Нурзат Нуртаева (кыз-келиндер күрөшү);

Адилет Шадыканов (каратэ).

Коло медалдын ээлери:

Раззак Бейшекеев (грек-рим күрөшү);

Авазбек Аманбеков (ушу-саньда);

Темирлан Аманкулов (ушу-саньда);

Назим Нурланов (каратэ);

Кымбат Тойтонова (каратэ);

Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү);

Сардана Трофимова (жеңил атлетика);

Орозобек Токтомамбетов (эркин күрөш);

Айал Лазарев (эркин күрөш).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты