Азия оюндарында парадзюдо боюнча Хайитхон Хусан кызы алтын медаль тагынды   

  • 6 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Пара Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Спортчу 48 кг чейинки салмакта катышып, алгач финалдык беттеште индонезиялык Новиа Ларассаттини жеңген. Чечүүчү финалдык беттеште жапониялык Хангаи Шизуканы 1 мүнөт 25 секунддун ичине жеңип, 1-орунду ээледи.

Хайитхон Хусан кызынын жеңиши Кыргызстандын тарыхындагы Пара Азия оюндарынын эң алгачкы алтын медалы.

Пара Азия оюндарына Кыргызстандан  29 спортчу катышууда.  

Сүрөт: Спорт департементи

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты