Азия оюндары: Сардана Трофимова коло медалдуу болду
- 1 год мурун
Бүгүн, 5-октябрда, Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында жеңил атлетика, анын ичинде марафон боюнча жөө күлүктөрдүн жарышы өттү.
Кыздар арасында марафондо Кыргызстандан Сардана Трофимова коло байгеге ээ болду.
Спортчу жарышта 2:28:41 убактысы менен келип, 17 спортчунун арасында 3-орунду камсыздады.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү