«Азаттыктын» сайтын бөгөттөө чечиминде министрлик  мыйзамды одоно бузган. Медиа Полиси Институтунун билдирүүсү  

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө жөнүндө чечим кабыл алганда жада калса өтө катаал “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамды да одоно бузган. Мыйзамсыз чечим чукул арада жокко чыгарылууга тийиш.

Бул тууралуу Медиа Полиси Институтунун билдирүүсүндө айтылды.  

-“Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамына таянып, “Настоящее время. Азия” редакциясынын телеканалынын YouTube каналынан “Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы катуу салгылаштар” деген аталыш менен 2022-жылдын 16-сентябрында түз эфирге чыккан берүүсүн алып салуу жөнүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин) чечими ал тургай формалдуу мыйзамдуу негиздерге да ээ эмес. Мындан улам, “Азаттыктын” сайтына бөгөт коюу толугу менен мыйзамсыз ишке ашырылган.

“Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамдын өзү өтө катаал болуп саналат, себеби бул мыйзам өтө кенен, бүдөмүк туюндурмаларды жана адилетсиз ченемдерди камтыйт, алар ыйгарым укуктуу органга, тактап айтканда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана көз карандысыз ЖМКларды өзүм билемдик менен, соттун мыйзамдуу чечими жок, чындыкты аныктоо максатында атаандаш териштирүүлөрдү жүргүзбөстөн жаап салууга мүмкүндүк берет.

Бирок, мыйзамда бүдөмүк, өзүм билемдик менен чечмелөөгө шарт түзгөн туюндурмалары бар болсо да министрлик “Азаттыктын” сайтын жабуу тууралуу чечими менен жада калса ушул эле мыйзамды да бузду,- деп айтылат билдирүүдө.

-Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин иш-аракеттери өтө катаал мыйзамдын ченемдерин гана бузбастан, ошону менен бирге Министрлер Кабинетинин Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин (2022-жылы чыккан) да бузуп жатат.

Министрлик “Азаттык” мыйзамдарды милдеттүү түрдө сактоо жөнүндө 2022-жылдын 17-сентябрындагы катка жооп берген эмес деп айтып, коомду адаштырып жатат, себеби аталган катта Баткендеги окуяларды чагылдырууда мыйзамдарды сактоо өтүнүчү гана камтылган, бирок маалыматка карата эч кандай конкреттүү доомат коюлган эмес.

Көңүлдү бурган дагы бир жагдай бар: сайтты бөгөттөө боюнча министрликтин бул талаптары өтө катаал “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” КР мыйзамынын ал тургай формалдуу негиздерине да жооп бербейт, ал эми соттун чечими жок өзүм билемдик менен ЖМКга бөгөт коюу – бул ачыктан ачык цензура, ага Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык тыюу салынган. Ошондой эле КР Конституциясынын 63-беренесинин 63-бөлүгү сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салат.

Биз “Азаттыктын” сайтын жабуу бул мыйзамды кабыл алуунун чыныгы максатын далилдеп турат деп эсептейбиз. Бул мыйзам бийликтин аракеттерине көз салып турган жана жарандарга бул бийликтин кантип иштеп жатканын түшүнүүгө жардам берген ЖМКларга каршы административдик цензура орнотуу максатында кабыл алынган,- деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүгө Кыргызстандын бир катар ЖМКсы,  өкүлдөрү, көз карандысыз журналисттер кол койгон.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 26-октябрда “Азаттык Медиа” сайтынын ишин эки айга токтотуу чечимин кабыл алганын билдирди.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосунун жана “Настоящее время” телеканалынын айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз. Журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”, – деп айтылат эл аралык медиа корпорациянын президентинин билдирүүсүндө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты