«Азаттык» иши: Жактоочулар соңку сөздөрүн айтышууда (Видео)

Бүгүн, 27-апрелде, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Маданият министрлигинин «Азаттыктын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы каралууда.

Жактоочулар соттон Маданият министрлигинин доо арызын четке кагынуу өтүнүштү.

Бүгүн бул иш боюнча чечим чыгышы мүмкүн. Соттук отурумга бир катар маалымат каражатынын өкүлдөрү, жарандык активисттер катышууда.

«ПолитКлиника» медиасы Фейсбук баракчасында соттон түз эфир уюштурууда.

26-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда маданият министрлигинин «Азаттык Медианын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы каралды. Анда лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы каралды. Лингвист-эксперт Жийде Семенова суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айтты.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданган.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты