«Азаттык» радиосу Тажикстандын ТИМинин маалыматын төгүндөйт

  • 2 года мурун

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы — «Азаттык» радиосу Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Ош шаарында радионун өз кабарчысы сабалганы тууралуу тараткан маалыматын төгүндөйт.

22-сентябрда тажик ТИМинин расмий сайтына Кыргызстанда Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты жүрүп жатканы тууралуу билдирүү жарыяланып, анда «18-сентябрда Ош облусунда белгисиз бирөөлөр “Азаттыктын” кыргыз кызматынын кабарчысы, этникалык тажик аял Насибахон Давронбекованы сабап кетишкен» деп жазылган.

Бир аздан кийин тажик ТИМи билдирүүсүндөгү бул сөздөрдү сайтынан алып салган.

“Азаттык” радиосу Тажикстандын ТИМи тараткан маалыматтагы кабарчы «Азаттык» радиосунда иштебей турганын расмий билдирет.

Ага удаа эле «Америка авазы» радиосунун аймактык кабарчысы Давронбек Насибхонов Фейсбукка билдирүү таратып, «Тажикстандын ТИМи мени этникалык тажик кылып көрсөтүп, саясий максатта колдонуусун каалабайм» деп жазды. Ал 17-сентябрда Ош шаарынын башкы инцидент болгонун, бирок анын чоо-жайы башка экенин жазды.

-Тажикстандын тышкы иштер министрлиги өзүнүн сайтында Кыргызстанда этникалык кыргыздарды кысымга алып жатканын айтып, ага менин атымды жазып коюшкан. Мени этникалык тажик аял деп, “Азатык” радиосунда иштейт дейт. Мен эркек кишимин, аталган ЖМКга эч кандай катыштыгым жок. Мен Кыргызстандын жаранымын, улутум- өзбек. Ооба, Ош шаарынын борбордык аянтында инцидент болгон, бирок ал башкача тема. Тажикстан ТИМ мени этникалык тажик деп, саясий максатта колдонгон. Мени Тажикстан менен эч нерсе байланыштырбайт.

Тажикстан ТИМи аз убакыттан кийин  билдирүүсүн алып салган, бирок анын скриншоту калды.     

Cүрөттө: Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин баштапкы (солдо) жана оңдолгон расмий билдирүүсү. 22-сентябрь, 2022-жыл. «Азаттык.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты