«Азаттык» иши боюнча соттук отурум: Бир сааттык тыныгуу жарыялады

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 26-апрелде, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда маданият министрлигинин «Азаттык Медианын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы каралууда.

Анда «Азаттыктын» жактоочусу лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен таанышуу үчүн соттук отурумду жылдырууну өтүндү.

Буга чейин Ленин райондук соту «Азаттык Медианын» иши боюнча Маданият министрлигинин “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалды лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн канааттандырган.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы маалым болду. Сот арызды кароо мөөнөтүн 9-февралга белгилеген. Доогер тараптын өкүлдөрү 9-февралдагы сот процессине келген эмес.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты