Аз камсыз болгон жарандар үчүн электр энергиясына тарифтер төмөндөдү
- 3 года мурун
Аз камсыз болгон жарандар үчүн электр энергиясына тарифтер төмөндөдү.
Тийиштүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган жарандарга электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу тапшырылган.
Жарлыкка ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар, «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпул алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып, айына 700 кВтс чейин керектегенде, 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө аныкталат.
Муну бөлүшүү