Автоунаа айдоочуларды даярдоону лицензиялоого жеке тараптарга эки жылга тыюу салынды

  • 8 месяцев мурун

Министрлер кабинети транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого жеке тараптарга  убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Мындай чечим транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоонун жана кайра даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынгандыгы белгиленди. 

Документке ылайык, 2025-жылдын 20-октябрынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого жеке тараптарга  убактылуу тыюу салынат.  

Бул көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу мамлекеттик билим берүү мекемелерине жайылтылбайт. 

Токтом расмий жарыялангандан кийин, 2025-жылдын 20-октябрынан күчүнө кирет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты