Австралияда балдарга социалдык тармакка кирүүгө тыюу салынды
- 2 месяца мурун
10-декабрдан баштап, Австралия дүйнөдө биринчи болуп, 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарга кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Мыйзамга ылайык, 16 жашка чейинки балдарга TikTok, YouTube, Instagram, Facebook жана башка негизги 10 платформага кирүүгө тыюу салынды.
Бул кадамды көптөгөн балдардын ата-энелери кубаттаса, балдардын укугун коргоочулар сынга алды.
Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, мыйзам бузгандарга 49,5 миллион Австралия доллары (33 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө айып салынмакчы.
Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе бул кадам социалдык жана маданий чоң өзгөрүүлөргө алып келээрин айтты.
«Бул чоң реформанын сабактары бүт дүйнө жүзүнө таасир берет» деп билдирди Албанезе.
Ал балдарды китеп окууга, спорттун жаңы түрлөрү менен алектенүүгө же музыкалык аспаптарды үйрөнүүгө чакырды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




