Аткаруу бийлиги жана депутаттар: Парламентте маселе көтөрүлдү

Бүгүн, 6-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эрулан Кокулов билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин кабинетине барарын алдын ала билдирбестен кирип барып, маселени талкуулаганы барганы, бирок министр аны кабыл албай койгону тууралуу социалдык тармактарда видео тараган. Депутат Эрулан Кокулов бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Эрулан Кокуловдун билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин кабинетине кирип барганына бир катар депутаттар сын айтса, айрым депутаттар аны маселе чечкени барды деп колдоду.

Кокулов маалымат берүүнүн ордуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Жогорку Кеңеш тууралуу ЖМКга айткандары, депутаттарды элдин атынан чыгып сүйлөөгө укугу жок экендиги тууралуу видео тасманы көрсөтүү менен баштады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты