Аскаралы Мадаминов маданият министринин орун басары болуп дайындалды   

  • 10 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары кызмат ордунан Гүлбара Абдыкалыкова бошотулду. Анын ордуна Аскаралы Мадаминов дайындалды.

Аскаралы Мадаминов боюнча МинКаб чечимин жамаатка министр Мирбек Мамбеталиев жана президенттик администрациянын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Чынгыз Эсенгул уулу тааныштырды.

Аскаралы Мадаминов министрликтин административдик иштерин координациялоону жүргүзмөкчү.

1988-жылы туулган, жогорку билимдүү. Президентке караштуу Башкаруу академиясын аяктаган. Эмгек жолун 2008-жылы баштаган. Мамлекеттик жана коомдук кызматтарда ар кандай жооптуу кызматтарды аркалаган. 2025-жылдан тартып Улуттук маданий борбордун директору болуп иштеп келген.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты