Ашууларда жол ачык, унаага чектөө жок
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 29-декабрда, өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.
“Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү унутпаңыз” деп кайрылды министрлик айдоочуларга.
Сүрөт: Танспорт министрлиги
Муну бөлүшүү




