«Арча-Бешик» конушуна суу берүүнүн графиги түзүлдү

  • 11 месяцев мурун

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришкендей, таза суу менен камсыздоо жакшырганга чейин Арча-Бешик конушуна ичүүчү сууну берүү графикке ылайык жүргүзүлөт.

— 23, 25, 27, 29-июнь күндөрү саат 7:00дөн 11:00гө чейин Садырбаев — Абдрахманов — Асылкеч — Жайыл-Баатыр — Арча-Бешик — Жайыл-Баатыр — Чортеков — Эр Тайлак көчөлөрү менен чектешкен аймактарга таза суу берилет;

— 22, 24, 26, 28, 30-июнь күндөрү саат 7:00дөн 11:00гө чейин Репин — Жайыл Баатыр — Чортеков-Күйүкова — Чортеков — Кең-Суу — Камбар -Ата — Арча-Бешик — Кызыл-Суу — Ак-Марал, Репин-Күйүкова көчөлөрү менен чектелген аймактарга суу берилет;

— саат 13:00дөн кийин суу өткөргүчтөр бош болгонго чейин: Күйүкова — Муромская — Арча-Бешик 21-көч.- Көпүрө базары —Ахунбаев — Кызыл-Суу — Ак-Марал — Шералиев — Күйүкова көчөлөрүнө суу берилет.

Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат. Борбор шаарды суу менен камсыздоонун негизги булагы Орто-Алыш суу алгычы болуп саналат, ал ичүүчү суунун 40%дан ашыгын камсыздайт.

2023-жылдын 2-июнуна карата тереңдиги 160-250 метр болгон 334 артезиандык скважина иштеп жатат. Акыркы жылдарда, өзгөчө жай мезгилинде калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты