Араван райондук сотунун судьясы кармалды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызматтык жасалмачылык жана сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысын аныктаган.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалымтта айтылгандай, Араван райондук сотунун судьясы Д.Н.Б. З.Б.га жер тилкесине менчик укугуна адилетсиз чечим чыгарган.
Ошол эле учурда, бул чечим 2023-жылдын 25-январында сот отуруму учурунда каза болгон күбө А.К. нын көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылган. Аталган жаран 2023-жылдын 1-январында каза болгон.
Мындан тышкары, сот отурумунун протоколуна ылайык, процесстин жүрүшүндө Г.Э.жана Ю.Т. күбө катары да суралгандыгы белгиленген. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн адамдар соттук отурумдарга катышпагандыгы жана каралып жаткан иштин жагдайлары боюнча судья Д.Н.Б. эч кандай көрсөтмө бербегендиги аныкталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар күбөлөрдүн П.С. жана Т.А.нын көрсөтмөлөрү, ошондой эле соттук-кол жазма экспертизасынын корутундусу менен тастыкталды.
13-февралда судьялар кеңеши судья Д.Н.Б.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
17-февралда Д.Н.Б. кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык жасалмачылык) жана 352-беренесинин 1-бөлүгү (атайылап адилетсиз чечим чыгаруу) менен айыпталып, тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы