AP: АКШ Украинага дээрлик 3 миллиард долларлык аскердик жардам жөнөтөт

  • 2 года мурун
AP: АКШ Украинага дээрлик 3 миллиард долларлык аскердик жардам жөнөтөт

АКШ Украинага аскердик жардамдын 2,85 миллиард долларга бааланган жаңы топтомун жөнөтөт. Бул тууралуу Associated Press агенттиги Кошмо Штаттардын президенттик администрациясындагы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, курамында Bradley үлгүсүндөгү согуштук автоунаалар бар кезектеги жардамдын топтому тууралуу расмий түрдө жакынкы күндөрү жарыяланат. Ал Пентагон Украинага жөнөткөн буга чейинки аскердик жардамдардын эң ириси болуп калат.

Азырынча бул жардамдын чоо-жайы тууралуу башка маалымат жок. АКШнын бийлиги бериле турган курал-жаракты Украинага согуштук аракеттер кайрадан активдүү фазасына өтөт деп күтүлүп жаткан жазга чейин жеткирүүгө ниеттенүүдө.

Буга чейин АКШ менен Германия аскердик жардамдын алкагында Украинага Bradley жана Marder үлгүсүндөгү согуштук автоунааларды берүү боюнча макулдашкан. Анда Жо Байден менен Олаф Шольц Украинанын куралдуу күчтөрүнө ракетадан жана абадан коргонуу системалары зарыл экенин белгилеп, Германия Киевге Patriot абадан коргонуу системасына кошумча батареяларды берерин маалымдаган.

2022-жылы декабрдын аягында АКШ Украинага 1,85 миллиард долларга бааланган аскердик жардамдын жаңы топтомун жөнөтөрүн билдирген. Анын курамына Patriot абадан коргонуу системалары жана JDAM деп аталган «акылдуу» авиабомбалар киргени кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты